Биз жөнүндө
«ИнвесКор СА» МФК» ААКы – 2004-жылдан бери кыргызстандыктарга финансылык кызматтарды көрсөтүп келе жаткан жоопкерчиликтүү финансылык демөөрчү. Биздин милдет – кардарларга, банк өнүмдөрүн колдонуу менен, бизнесте өз максаттарына жетишүүгө жардам берүү.
18 жылдык тажрыйбабыздын ичинде биз микронасыялык рынокто «Золотой Стандарт» МКК брендинин алдында оң баага ээ болдук. 2020-жылы биздин компания Улуттук банктын лицензиясын алып, «ИнвесКор СА» микронасыялык компаниясы болуп кайра уюшулган жана бул өнүмдөрдү жана кызматтарды өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Биздин башкы артыкчылыктарыбыздын бири болуп керектөө насыяларын, анын ичинде бизнести өнүктүрүүгө насыяларды документтердин минималдуу топтому менен тез жана кыска мөөнөттө берүү саналат.
Биз сервисти жана сунушталган кызматтардын сапатын жакшыртуунун үстүндө үзгүлтүксүз иштөө менен активдүү жана динамикалуу өнүгүп жаткан компания болууга умтулабыз.
Ребрендинг
2020-жылдын январь айында InvesCore Монгол-Жапон эл аралык финансы компанияларынын тобу «Золотой Стандарт» МККнын 100% капиталын сатып алган. 2021-жылдын октябрь айында компания расмий түрдө «ИнвесКор СА» Микрофинансылык Компаниясы болуп кайра уюшулган.
Биздин миссиябыз
Биздин миссиябыз – инновациялык финансылык өнүмдөрдү жана оперативдик кызматтарды бийик деңгээлде көрсөтүп, кардарларыбыз үчүн ишенимдүү финансылык жардамчы болуу.