ВАКАНСИЯЛАР

InvesCore CA компаниясы жалпы максаттарга, жогорку көрсөткүчтөргө жана ийгиликке жетишүү үчүн жогорку квалификациялуу, жоопкерчиликтүү жана кесипкөй кадрларды тарууга кызыкдар.

Компанияда иштөө – бул келечекте ийгиликтүү мансап куруу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк.

Биздин командага кошулуу эмне үчүн маанилүү экендигинин 3 негизги себебин көрсөтөбүз:

Өнүгүү

Image

Биз ар бир кызматкерге мансап боюнча өнүгүү жана окутуу тренингдерине, семинарларына катышуу түрүндө өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү беребиз. Компаниябыздын эркин корпоративдик маданияты команданын бардык мүчөлөрүн жаңы билим жана тажрыйба алууга мотивациялайт.

Жайлуулук

Image

Биздин команда бул эң биринчиден жаңы долбоорлорду жана идеяларды ишке ашырууну колдоого даяр болгон жетекчилердин жана адистердин ийгиликтүү кызматаштыгы. Биз ыңгайлуу кеңседе иштөө үчүн жайлуу шарттарды түзүп беребиз.

Татыктуу айлык акы

Image

Биз кызматкерлерибизди татыктуу атаандаштыкка жөндөмдүү айлык маяна менен камсыздоого аракет кылабыз. Насыя боюнча адистерге иштөөдө белгилүү бир натыйжаларга жетишүүдо кошумча бонустардын системасы каралган.

Эгер сен биздин ынтымактуу командабыздын мүчөсү болууну кааласаң, hr@invescore.kg почтасына тезинен өз резюмеңди жөнөт!

Image

БАЙЛАНЫШ МААЛЫМАТ

720033, Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Коенкөзөв көч., 75

Тел.: +996 (312) 960000
beeline +996 (775) 960000 
O +996 (505) 960000 
megacom +996 (559) 960000
 e-mail:  info@invescore.kg