«МФК «ИнвесКор СА» ААК уставдык капиталын 88,3 млн сомго чейин көбөйттү

«МФК «ИнвесКор СА» ААК уставдык капиталын 88,3 млн сомго чейин көбөйттү

2023-жылдын 13-мартында "МФК "ИнвесКор СА" ААКнын акционерлеринин кезексиз чогулушунда компаниянын уставдык капиталын кеңейтүү боюнча маанилүү чечим кабыл алынды.Бул чечим компаниянын өнүгүү стратегиясында артыкчылыктуу деп таанылды.

Стратегияны ийгиликтүү ишке ашыруу 2023-жылдын 7-июлунда Кыргыз фондулук биржасынын системасында катталган "МФК "ИнвесКор СА" ААКнын баалуу кагаздары менен келишим аркылуу тастыкталды. Ишкана 29 миллион 307,7 миң сомго 49 миң 674 нуска акция сатты.

"МФК "ИнвесКор СА" ААК мындан ары да алдыга умтулууну көздөйт жана бул чоң ийгиликке карай жолдун башаты гана экендигин ишенимдүү билдирет.Уставдык капиталдын көбөйүшү бул багыттагы маанилүү кадам болуп саналат жана компаниянын өз ишинде жаңы бийиктиктерге жетүүгө чечкиндүүлүгүн көрсөтөт.

Image

БАЙЛАНЫШ МААЛЫМАТ

720033, Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Коенкөзөв көч., 75

Тел.: +996 (312) 960000
beeline +996 (775) 960000 
O +996 (505) 960000 
megacom +996 (559) 960000
 e-mail:  info@invescore.kg