Кыргызстандыктар көбүрөөк насыя ала башташты: 9 айдын ичинде микронасыялоонун көлөмү 27,4 млрд сомду түздү
Глобалдык жаңылыктар
Просмотров: 488
2021-жылдын 9 айынын ичинде Кыргызстандын калкын микронасыялоонун көлөмү 27 млрд 433 млн 608 сомду түздү.
Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылган.
Аймак боюнча насыялоонун эң чоң көлөмү Ош областына таандык – 6,1 млрд сом жана Бишкек шаары – 4,8 млрд сом. Насыялоонун эң кичинекей объекти Талас областында аныкталды – 828 млн сом.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына ылайык, кыргызстандыктар акыркы 2 жылдын ичинде көбүрөөк насыя ала башташты – 2019-жылы көрсөткүч 22 млрд сомду түзсө, 2020-жылы – 23,4 млрд сомду түзгөн.